Кыргызстанда доллардын дефицити жок- Улуттук банк 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы улуттук валютаны колдоо боюнча баардык иш чараларды колдонуп жатат. Өлкөдө чет мамлекеттик валютага карата дефицит жок. Бул туурасында борбордук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш пресс-конференциянын жүрүшүндө билдирди.  

 

Анын билдирүүсү боюнча, ушул жылдын сентябрь айынын башынан бери АКШ долларынын сомго карата алмаштыруу курсу 5,87% жогорулады же, бир АКШ долларынын баасы 52,9561 сомдон (1-сентябрда) 56,0660сомго (на 23октября) өстү

“Жалпысынан 2014-жылдын январь айынан 23-октябрга чейин АКШ долларын алмаштыруу курсу 13,98% жогорулады. Улуттук валютанын арзандоосуна бир катар тышкы фактор таасир этип жатат. Жыл башында доллардын курсунун өсүүсүнө -Украинадагы кризистин кесепетинен Россиядагы тышкы саясий абалдын начарлоосу, Казакстандагы бир убакыт ичинде болуп өткөн девальвация, АКШ Федералдык камдык системасынын саясаты өз таасирин тийгизген. Азыркы учурдагы өсүш, Кыргызстандын соода-сатык тармагындагы өнөктөш өлкөлөрдүн жана Европанын экономикалык абалынын солгундоосуна, Россияга карата киргизилген санкцияга, мезгилдик факторлорго байланыштуу”, -деп билдирди төраганын орун басары. 

 

“Доллардын бекемделиши глобалдык мүнөзгө ээ. Азыркы учурда эл аралык финансылык рынокто АКШ долларынын башка дүйнө өлкөлөрүнүн валюталарына карата да бекемделүүсү күч алып жаткандыгы байкалып жатат. Жыл башынан бери россиялык рубль 25,44%, казак теңгеси 17,48%, евро - 7,50%, швейцар франкы 5,56%,  

Турк лири - 4,61% күчүн жоготту”-деп белгиледи Н.Жениш.  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жыл башынан бери 309,293 млн. АКШ долларына валюталык интервенция жүргүздү. 19-августтан 22-октябрга чейин Улуттук банк чет мамлекеттик валютаны сатуу боюнча 117,28 млн АКШ Доллары менен операцияларды өткөрдү. Эл аралык камдын көлөмү өлкөгө келип жаткан төрт айлык импорттун көлөмүнө туура келип, азыркы учурда $2,1 млрд АКШ долларын түзөт.  

 

ЖМК өкүлдөрүнө Улуттук банктын төрагасынын орун басары маалымат берип бүткөндөн кийин, аларды кызыктырган баардык суроолорго жооп берүүгө шарт түзүлдү. Айрыкча, америкалык доллардын курсунун кымбаттагандыгына байланыштуу инфляциянын болоору тууралуу алдын ала маалымат алууга кызыгышты. Ошондой эле валюта рыногун стабилдештирүү үчүн Улуттук банк тарабынан кабыл алынуучу иш чаралар, мигранттардын акча которууларынын динамикасы тууралуу ж.б суроолорду беришти.  

 

Пресс-конференцияга Улуттук банктын экономикалык башкармалыгынын башчысы Сейилбек Урустемов жана Улуттук банктын акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын башчысы Раушан Сейткасымовалар катышышты.