2017-жылдын 26-майында банктарды кайра каржылоо максатында кредиттик аукциону өтө тургандыгы жөнүндө Улуттук банк билдирет

 

Кредиттик аукциондун параметрлери: 

 

 

Аукциондун коду 

АК 17 12 

Кредиттин мөөнөтү (ай) 

6 ай 

Кредиттик ресурстардын көлөмү 

(млн. сом) 

1 500,00 

Ауцион өткөрүү ыкмасы 

Көптүк чен боюнча аукциону 

Максаттуу багытталышы* 

Өнөр жай; айыл-чарба, даярдоо жана кайра иштетүү; транспорт, байланыш жана кызмат көрсөтүү чөйрөсү; соода жана коммерция; курулуш; туристтик чөйрө; ошондой эле банктык эмес финансылык мекемелерди кредитөө 

Минималдуу пайыздык чен (%) 

Аукцион өткөрүү учурунда Улуттук банк аныктаган эсептик чени 

Билдирменин минималдуу көлөмү  

(млн. сом) 

20,00 

Билдирменин максималдуу көлөмү  

(млн. сом) 

450,00 (жалпы көлөмүнөн 30%) 

Коммерциялык банктардын түпкү карыз  

алуучулары үчүн чектүү номиналдык  

пайыздык чени 

Аукцион өткөрүү учурунда Улуттук банк аныктаган эсептик чени + 7% 

Коммерциялык банктардын банктык эмес финансылык мекемелерине каражаттарды берүүдө маржасы 

Тараптардын макулдашуусу боюнча аныкталат 

Банктык эмес финансылык мекемелердин түпкү карыз алуучулары үчүн чектүү пайыздык чени** 

Аукцион өткөрүү учурунда Улуттук банк аныктаган эсептик чени + 12% 

Кредиттин күрөөлүк камсыздоосу 

Банктын кредиттик портфели (жабуу коэффициентти - 200%) 

Улуттук валютадагы Өкмөтүүк МБК (110%) 

Чет Өлкө валютасындагы депозиттер (105%) 

Кредиттер боюнча талап кылуу укугу түрүндөгү максималдуу күрөөлүк камсыздоо  

80% 

 

* Комерциялык банктар тарабынан банктык эмес финансылык мекемелерине берилген кредиттик ресурстар максаттуу багыттарды көздөө жана «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө» жобосунун шарттарына жооп берүү керек. 

** Коммерциялык банктар төмөнкү шарттарга жооп берген банктык эмес финансы-кредит мекемелерине каражаттарды сунушташы мүмкүн: 

1.  түпкү карыз алуучулар тарабынан «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө» жобонун кредиттердин максаттуу багытына тиешелүү талаптардын толук аткарылышын камсыз кылса; 

2. Улуттук банк тарабынан ишкердикке чектөөлөр белгиленбесе; 

3.  ресурстарды сунуштаган банк менен байланыштуу болбоосо; 

4. акыркы 12 ай ичинде канааттандыраарлык финансылык абалга ээ болсо.