Дуалдык окутуунун бүтүрүүчүлөрүнө сертификат тапшыруу аземи 

 

2018-жылдын 14-декабрында “Банк иши. Банк кызматкерлерин дуалдык кесипкөй окутуу” долбоорунун кезектеги бүтүрүүчүлөрүнө сертификат тапшыруу аземи болуп өттү. Cертификат тапшыруу аземине Улуттук банктын төрагасынын орун басары Момункулова Мээрим Авасбековна, эл аралык кызматташуу боюнча Германия сактык кассалары фондусунун регионалдык директору Аня Хойер жана Германия Федеративдүү Республикасынын элчилигинин өкүлү Юлия Канут катышты.   

Маалымат үчүн: “Банк иши. Банк кызматкерлерин дуалдык кесипкөй окутуу” долбоору Кыргыз Республикасында 2015-жылдан тартып Улутттук банк менен эл аралык кызматташуу боюнча Германия сактык кассалары фондусу тарабынан ишке ашырылып келет. Окутуунун алкагында коммерциялык банктардын 26 жашка чейинки жаш адистери теориялык билимдерди гана албастан, алган билимдерин иш жүзүндө бекемдешет. Окутуу Улуттук банктын базасында 7 модуль боюнча (“Экономика алкагындагы шарттар”, “Эсептешүү эсеби жана төлөм жүгүртүүсү”, “Бухгалтериянын негиздери”, “Ченемдик укуктук база”, “Кредиттик операциялар”, “Аманаттар боюнча операциялар”, “Кардарлар менен коммуникацияны жөнгө салуу”) өтөт. Бүгүнкү күндө 346 банк адиси даярдыктан өткөн.