Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын системалуу түрдө бузууга жол бергендиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жазма буйруктарын системалуу түрдө аткарбагандыгы үчүн «Византия» кредиттик союзунун 2003-жылдын 7-майындагы №433 лицензиясынын аракетин 2018-жылдын 10-декабрынан тартып Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынганга чейин токтотту. 

«Византия» кредиттик союзунун юридикалык дареги: Чүй областы, Жайыл району, Кара-Балта шаары, Кожомбердиев көчөсү 117, “КИРЕШЕ” соода борбору, 2-кабат. 

«Византия» кредиттик союзу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин токтому менен Бишкек шаары, Т.Үмөталиев атындагы көчө 101 дареги боюнча тааныша алат.  

Маалымат алуу үчүн байланыш телефондору: 0 312 66 92 03.