Улуттук банкта Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган сынак болуп өттү 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 20-апрелиндеги УП № 81 «Ч.Т.Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгын майрамдоо жөнүндө» жарлыгынын алкагында 2018-жылдын 3-ноябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүмдүк бөлүмдөрү арасында үч түрдүү номинацияда: 

1. Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы окуяларды, образдарды кызматкерлердин өздөрүнүн күч-аракеттери менен көркөмдөп чагылдырган сүрөттөр сынагы; 

2. Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча элдик көркөм кол өнөрчүлүк сынагы; 

3. Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө автордук чыгармалар сынагы жарыяланган.  

2018-жылдын 5-декабрында банк ичинде жарыяланган сынактардын жыйынтыгы чыгарылып, эмгеги менен өзгөчө айырмаланган кызматкерлерге жана түзүмдүк бөлүмдөргө Улуттук банктын төрагасы Т.Абдыгулов жана Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т.Джусупов куттуктоо сөзүн айтышты. Улуттук банктын төрагасы Т.Абдыгулов, жазуучунун туулган күнүнүн урматына арналган маданий иш-чаралар мамлекеттик масштабда бардык жерлерде белгиленип жаткандыгын белгиледи.  

Сыйлык тапшыруу аземине Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлү Абдыжапар уулу Мундузбек, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы, ф.и.к., профессор Г.К.Осмоналиева катышты. 

Сынактын жыйынтыгы боюнча өзгөчөлөнгөн кызматкерлер менен түзүмдүк бөлүмдөргө сыйлык тапшырылып, анын алкагында Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн чыгармачыл сүрөттөрү менен элдик көркөм кол өнөрчүлүгү боюнча көргөзмө уюштурулду.