Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, «Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы №15/6 «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары – Долбоор) коомдук талкууга сунуштайт.
Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ушул долбоор боюнча сунуш-пикирлерди 2019-жылдын 3-январынан кечиктирбестен сунуштоону өтүнөт.