Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, «Улуттук банк Башкармасынын 

2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары Долбоор) коомдук талкууга сунуштайт. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Коммерциялык банктар, банк эмес финансы-кредит уюмдары жана рыноктун кызыкчылыкка ээ башка катышуучулары бул долбоор боюнча өздөрүнүн сунуш-пикирлерин 2018-жылдын 22-декабрынан кечиктирбестен жөнөтүүлөрү зарыл.