“Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына 25 жыл” темасын эң мыкты чагылдыруу боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары арасында жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында 2018-жылдын 5-ноябрь күнү Маалымат жана басма сөз күнүнө карата “Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына 25 жыл” темасын эң мыкты чагылдыруу боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары арасында жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.  

Сынак 11 номинация боюнча өткөрүлүп, ага 40 ашык эмгегин тартуулаган республиканын телерадио каналдарынын, басма сөз жана электрондук жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттери катышты.  

Сыйлык тапшыруу аземин Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов, улуттук валюта сомдун пайда болушун жана тарыхын чагылдыруу боюнча сынакка активдүү катышкан журналисттерге ыраазычылык билдирүү менен ачты. Төрага, журналисттер өлкөнүн экономика, финансы тармагын ар тараптуу чагылдыруу менен жалпы жарандардын финансылык сабаттуулук деңгээлин жогорулатууга да олуттуу салым кошуп жатышат, - деп билдирди.  

Сынактын жыйынтыгы боюнча жеңишке ээ болгон төмөнкү журналисттер баш байгелер менен сыйланды:  

- Салабат Эркетай кызы («ЭлТР» телеканалы) “Мамлекеттик тилде мыкты теле материал” номинациясы боюнча; 

- Талантбеков Алтынбек («Ала-Тоо 24 телеканалы» (КТРК)) “Расмий тилде мыкты теле материал” номинациясы боюнча; 

- Садыкказиева Жыпаркул («Нарын ТВ» телеканалы) “Региондогу мыкты теле материал” номинациясы боюнча; 

- Шабдан Абылгазиев («Кыргыз Туусу» газетсы) “Мамлекеттик тилде жалпыга маалымдоо каражаттарынын басма сөздөрүндө жарыяланган мыкты материал” номинациясы боюнча; 

- Василькова Александра («Вечерний Бишкек» газетасы) “Расмий тилде жалпыга маалымдоо каражаттарынын басма сөздөрүндө жарыяланган мыкты материал” номинациясы боюнча; 

- Асанов Бекхан («Заман» МА) “Мамлекеттик тилде интернет басылмаларында жарыяланган мыкты материал” номинациясы боюнча; 

- Сулайманова Мехриниса («Кабар» МА) “Расмий тилдеги интернет басылмаларында жарыяланган мыкты материал” номинациясы боюнча. 

Мындан сырткары, “Улуттук валютага 25 жыл” темасын өзгөчө жана жаңыча көз караш менен чагылдыргандыгы үчүн Исмаилова Айжандын (“Расмий тилде мыкты теле материал” номинациясы); Пусурманкулова Бурулайдын (“Мамлекеттик тилде мыкты теле материал” номинациясы) жана Маккамбаев Уланбектин (“Мамлекеттик тилде мыкты радио материал” номинациясы) эмгектери баса белгиленди. 

Сыйлык тапшыруу аземин жыйынтыктап жатып, Т.Абдыгулов бекем ден соолук жана чыгармачылык ийгиликтерди каалоо менен журналисттерди келе жаткан кесиптик майрамы Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктап өттү