Бүткүл дүйнөлүк жыйым топтоо күнү башталгандыгы тууралуу жарыяланды 

 

2018-жылдын 22-октябрында пресс-конференция болуп, анда Кыргызстанда бүткүл дүйнөлүк жыйым топтоо күнү белгилене тургандыгы жарыяланды. Аталган иш-чарага Улуттук банктын Төрагасынын орун басары Мээрим Момункулова, Германия Федеративдүү Республикасынын элчилигинин Экономикалык кызматташууну өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Касьен Онезорге жана Эл аралык кызматташуу боюнча аманат кассалары фондусунун регионалдык координатору Аня Хойер катышты. 

Улуттук банктын Төрагасынын орун басары Мээрим Момункулова өз сөзүндө акча каражатын аманат катары банкта сактоо бүгүнкү күндө Кыргызстандын калкы үчүн жыйым топтоонун эң эле кеңири колдонулган жана ишенимдүү ыкмасы экендигин жана бул эң оболу, банк тутумунун туруктуулугу, ошондой эле депозит салуу бир катар артыкчылыктарга ээ экендиги менен шартталгандыгын баса белгиледи.  

Мына ушул маанилүү иш чаранын алкагында финансылык жарманке, ачык эшик күндөрүн өткөрүү, лекцияларды, интерактивдик оюндарды уюштуруу, финансы мекемелерине экскурсияларды, ар кандай сынактарды уюштуруу пландаштырылган. 

Аня Хойердин пикири боюнча, жыйым топтоо каражат жагынан кимдир-бирөөдөн көз каранды болбоого өбөлгө түзүп, байгерчиликте жашоо пайдубалын түптөп, инвестициялоого түрткү болот. Ал эми бул, өлкөнүн андан ары экономикалык өнүгүшүнө таасирдүү дем берет

 

Маалымат үчүн: 

Кыргызстанда бүткүл дүйнөлүк жыйым топтоо күнү Германия аманат кассалары фондусу, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана коммерциялык банктар менен биргеликте төртүнчү жолу өткөрүлүп жатат.  

Токсон жылдан ашуун тарыхый жолду басып өткөн бул иш-чаранын башкы максаты - адам баласынын аң-сезиминде, дилинде, жүрүм-турумунда бир гана акча чогултуу маданиятын гана эмес, табият тартуулаган жер, суу, токой, энергия иштелип чыгуучу ресурстар, башка ресурстар сыяктуу байлыктарга аяр, этият жана сарамжалдуу мамиле жасоо табитин калыптандыруу болуп саналат.  

 

 

Тиркеме: иш-чаралар планы