Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын бузгандыгы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жазма буйруктарын аткарбагандыгын үчүн «Илитар» кредиттик союзу» финансылык кооперативинин 2002-жылдын 8-майындагы №386 лицензиясынын аракетин 2018-жылдын 22-октябрынан тартып 2019-жылдын 22-апрелине чейинки мөөнөткө токтотту. 

«Илитар» кредиттик союзу» финансылык кооперативинин юридикалык дареги: Чүй областы, Чүй району, Чүй айылы, Ибраимов көчөсү 25. 

«Илитар» кредиттик союзу» финансылык кооперативи Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин токтому менен Бишкек шаары, Т.Үмөталиев атындагы көчө 101 дареги боюнча тааныша алат.  

Маалымат алуу үчүн байланыш телефондору: 0 312 66 92 03.