“Росинбанк” ачык акционердик коому боюнча Улуттук банктын пресс-релизи 

 

Банктын мурда иштеп кеткен кызматкерлери тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында терс маанайдагы маалыматтар жарыяланып, салыктарды кошумча чегерүү боюнча коюлган талаптардын натыйжасында Банк, амманаттардын мөөнөтүнөн мурда чыгышы менен шартталган кыйынчылыктарды, ликвиддүүлүк менен байланышкан көйгөйлөрдү 2018-жыл башынан бери кечирип келе жатат. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык “Росинбанк” ААКсына ликвиддүүлүктү колдоо үчүн кредиттер берилген. 

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы көзөмөлдөө чараларын ишке ашыруунун алкагында, активдердин сакталышын камсыз кылуу жана операцияларды контролдоо үчүн 2018-жылдын июнь айында “Росинбанк” ААКсына атайын тике банктык көзөмөл режимин киргизген. 

Улуттук банктын талабы боюнча “Росинбанк” ААКсынын жетекчилиги жана акционерлери тарабынан Банктын финансылык абалын чыңдоо планы түзүлгөн, аталган план финансылык-экономикалык көрсөткүчтөрдү талапка ылайык келтирүү, акцияларды консолидациялоо жана Банктын капиталын көбөйтүү иш-чараларын камтыйт. 

“Росинбанк” ААКсынын акционерлери тарабынан Банктын финансылык абалын чыңдоо планында каралган иш-чаралар аткарылбагандыгын эске алуу менен Кыргыз Ресупбликасынын Улуттук банкы, “Росинбанк” ААКсынын ликвиддүүлүгүн колдоого берилген кредиттин ордун камсыз кылуу үчүн күрөөгө коюлган Банктын акцияларын кайра каттоо иш-чараларын жүргүздү. Бүгүнкү күндө Улуттук банк “Росинбанк” ААКсынын 71,66% акцияларынын ээси. 

Азыркы учурда, Улуттук банк “Росинбанк” ААКсынын ишин чыңдоо, анын ичинде менеджмент курамын кайра карап чыгуу, Банктын уставдык капиталын көбөйтүү боюнча бир катар иш-чараларды жүргүзүүнү пландаштырып жатат.