2018-жылдын 28-сентябрында Улуттук банктын жана Sumitomo Mitsui Banking Corporation Europe Limited (SMBC Europe, Улуу Британия) банкынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жениш жана SMBC/SMBC Europe Глобалдуу соода каржылоо департаментинин Глобалдуу директорунун орун басары Хиденори Мийоши катышты. Жолугушуу учурунда SMBC/SMFG финансы тобунун презентациясы сунушталып, Кыргыз Республикасындагы экономикалык жагдай, Улуттук банктын акча-кредит саясаты, ошондой эле Улуттук банктын ишине тиешелүү бир катар башка маселелер талкууланды.