2018-жылдын 26-27-сентябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ISO 20022 «Финансылык кызмат көрсөтүүлөр. Финансы индустриясынын универсалдуу маалымат схемасы» эл аралык стандарттарын киргизүү боюнча маселелерди талкуулоо максатында, Беларусь Республикасынын, Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын улуттук/борбордук банктарынын эксперттери менен жолугушуу болуп өттү.  

Жолугушуунун катышуучулары ISO 20022 стандарттарына өтүү жана аны улуттук деңгээлде киргизүү үчүн методологиялык базаны иштеп чыгуу зарылдыгын талкуулашты. Сөз болуп жаткан стандартка өтүү өлкө ичинде жана чет өлкө төлөмдөрүн ишке ашырууда финансы маалыматтары менен алмашуу боюнча бирдейлештирилген моделдердин эсебинен рыноктун катышуучуларына чыгымдарды төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет, ошондой эле ISO 20022 базасында ишке ашырылып жаткан жаңы мүмкүнчүлүктөргө финансы рыногунун катышуучуларын туташтырууну камсыз кылат. 

ISO 20022 стандартын улуттук деңгээлде киргизүү боюнча иштер Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын, финансы рыногунун катышуучуларын жана мамлекеттик органдарды ишке тартууну карайт. 

Отурумдун алкагында, эксперттер ISO 20022 стандарттарын 2019-2022-жылдар ичинде киргизүү боюнча иш-чаралар планын талкуулашты.