2018-жылдын 25-сентябрында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан келген делегация менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Нурбек Жениш жолугушуу өткөрдү. Делегацияны Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын экономика жана саясат боюнча башкармалыгынын директору Артур Радзивилл жетектеген. Жолугушуу учурунда аталган Банктын Кыргыз Республикасында 2019-2021-жылдары ишке ашыра турган инвестициялык стратегиялары, ошондой эле биздин өлкөнүн банк секторундагы жагдайлар талкууга алынды.