Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Мамлекеттик тил күнүнө карата кызматкерлер арасында сынак уюштурду 

 

Улуттук банк Мамлекеттик тил күнүнө карата (23-сентябрь) өзүнүн кызматкерлери арасында атайын сынак уюштурду. Мындай иш-чараны уюштуруунун негизги максаты - эне тилдин кадыр-баркын көтөрүү, ар тараптуу өнүктүрүү, анын бардык чөйрөдө колдонулушун камсыз кылуу болуп саналат.  

Сынакка Улуттук банктын дээрлик бардык түзүмдүк бөлүмдөрү жигердүү катышып, кызматкерлер ар түрдүү жанрда (жаңылмач айтуу, көркөм окуу, монолог айтуу, улуттук аспапта күү чертүү, эстрада ырын ырдоо, жеке номер жана автордук чыгармаларды аткаруу) өз өнөрлөрүн жогорку деңгээлде жана актёрдук чеберчиликте тартуулашты. Сынактын жыйынтыгы боюнча көбүрөөк упайга ээ болгон кызматкерлер атайын белектер менен сыйланды.  

Аталган иш-чара Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү