Эл аралык валюта фондусунун миссиясы Кыргызстанда өз ишин баштады 

 

 Кыргыз Республикасына 2018-жылдын 19-сентябрында Кристиан Жос мырза жетектеген Эл аралык валюта фондусунун миссиясы келди. Миссия 2018-жылдын 3-октябрына чейин созулат.  

Расмий иш сапардын максаты Кыргыз Республикасы үчүн Эл аралык валюта фонду колдоп жаткан жаңы программалардын мүмкүнчүлүктөрүн жана шарттарын талкуулоо. Аталган иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана башка уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлөт.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын милдетин аткаруучу Н.Жениш мырза менен Эл аралык валюта фондусунун командасы 2018-жылдын 20-сентябрында жолугушту. Жолугушуу учурунда тараптар мындан ары да кызматташуунун келечеги тууралуу талкуулашты. 

 

Маалымат үчүн: 

Кыргыз Республикасы менен Эл аралык валюта фондусунун кызматташтыгы “Кеңейтилген кредиттик механизм” (ECF) деп аталган үч жылдык экономикалык программанын алкагында 2015-2018-жылдар аралыгында ишке ашырылып келген. Программанын максаты болуп, туруктуу бюджетке жетүү, финансы секторунда туруктуулукту камсыз кылуу жана экономикалык потенциалдын өсүшүн арттыруу үчүн түзүмдүк реформаларды жүргүзүү эсептелет. ЕCF программасынын алкагында Кыргыз Республикасы өлкөнүн мамлекеттик бюджетин колдоого кредиттик ресурстарды алды. ЕCF программасы 2018-жылдын 8-апрелинде аягына чыкты.