2018-жылдын 12-сентябрында Швейцария Улуттук банкынан келген делегация кезектеги иш сапар менен Улуттук банкка келип кетти. Делегацияны Швейцария Улуттук банкынын эки тараптуу кызматташуу департаментинин башчысынын орун басары, айым Лена Ли Андрезен жетектеди. Иш сапар учурунда техникалык көмөк көрсөтүү жана банктар ортосундагы кызматташтык маселелери талкууланды.