Банктардын иштеринде тобокелдиктерди, экономиканын долларлашуунун денгээлин жана кредиттер боюнча пайыздык чендердин төмөндөтүү, ошондой эле коммерциялык банктарды айыл-чарбаны жана ошондой эле, экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканаларды финасылоочу мамлекеттик прогламмаларга катышууну стимулдоо максатында Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2018-жылдын 15-августунда № 2018-П-12\33-6-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым ченемдик укуктук актыларына  өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтом кабыл алынган. 

Жогорудагы токтому менен Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүлөр жана толуктоолор тиешелүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген: 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/2 токтому мене бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоо; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы №26/5 “Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчет жөнүндө” жобо. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: «www.nbkr.kg/Банк жөнүндө/Банктык мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору» бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: «www.nbkr.kg/Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу» бөлүгүндө жайгаштырылган.