Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан учурда Ысык-Көл областынын Бактуу-Долоноту айылында ат майданы жайгашкан аймакта 2018-жылдын 31-августунан 14-сентябрга чейин Улуттук банк тарабынан «Кыргызстандын Кызыл китеби», «Кыргыз каганатынын доору», «Тарыхый окуялар», «Улуттук музыкалык аспаптар» жана «Спорттун улуттук түрлөрү жана элдик оюндар» серияларында чыгарылган коллекциялык монеталарды, ошондой эле жаңы чыгарылган «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» сериясынан «Улак тартыш» жана «Кыргыз каганатынын доору» сериясынан «Кыргыз боз үйү» коллекциялык монеталарын сатууга чыгарат.