Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмунун (ОЭСР) көмөк көрсөтүүсү менен 2018-жылдын 27-28-августунда Ысык-Көл областында "КМШ мамлекеттеринде финансылык билим берүү" темасына арналган конференция болуп өттү. Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкерлери, Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмунун эксперттери, эл аралык уюмдардын, Россия Федерациясынын Финансы министрлигинин, Азербайжан Республикасынын Борбордук банкынын жана Билим берүү министрлигинин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес уюмдарынын өкүлдөрү катышты.  

Конференцияда катышуучулар ортосунда Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун 2016-2020-жылдар аралыгында жогорулатуу программасын ишке ашыруу маселелери, аларды чечүү жолдору, ошондой эле мектептин билим берүү программасына финансылык сабаттуулуктун элементтерин киргизүүнүн, Кыргыз Республикасынын мугалимдерин тиешелүү даярдыктан өткөрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.