Пресс-релиз 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн 4,75 пайыз  

деңгээлинде калтырды 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2018-жылдын 28-августунда эсептик чен (чен саясаты) өлчөмүн 4,75 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Чечим 2018-жылдын 28-августунан тартып күчүнө кирет.  

Кыргыз Республикасында инфляциянын төмөнкү деңгээлде сакталуусу уланууда. Инфляция 2018-жылдын август айында (17-августка карата) ушул жылдын январь айындагы 3,2 пайыздан төмөндөө менен жылдык мааниде 1,0 пайызды түздү. Инфляциянын төмөндөгөн динамикасы азык-түлүк рыногунда түзүлгөн жагымдуу жагдайдан улам, мурдагы чейрек ичинде төмөндөгөн сыяктуу эле азык-түлүк товарларына баалардын төмөндөшү менен шартталган. Өлкөнүн экономикасындагы жагдайларга, тышкы чөйрөнүн өнүгүшүнө баа берүү орто мөөнөткө каралган мезгил ичинде инфляциянын динамикасын максаттуу көрсөткүчтүн чегинде 5-7 пайыз деңгээлинде болушун күтүүгө мүмкүндүк берет.  

Реалдуу ИДӨ 2018-жылдын январь-июль айларынын жыйынтыгы боюнча 0,2 пайызга кыскарган, ошол эле учурда экономиканын өсүшү «Кумтөр» ишканалары боюнча маалыматты эске албаганда 2,2 пайызды түзгөн. Экономиканын алгылыктуу өсүш арымы айыл чарба, курулуш, соода жана транспорт тармактарында байкалат. Экономиканын өнүгүшүнө салым, акча которуулардын улам өсүшүнүн эсебинен сыяктуу эле (2018-жылдын январь-июнь айларында өлкөгө келип түшкөн акча которуулардын таза агымы 10,2 пайызга өскөн) эмгек акыны айкын жогорулатуунун эсебинен да (эмгек акынын айкын өсүшү 2018-жылдын январь-июнь айларында 4,2 пайызды түзгөн) чогуу алынган суроо-талаптарды калыбына келтирүү менен камсыздалат. Кыргызстандын соода боюнча өнөктөш өлкөрүнүн экономикасынын алгылыктуу өсүш арымы орто мөөнөткө каралган мезгил аралыгында жергиликтүү экспортко болгон тышкы суроо-талапты колдоп турууга өбөлгө түзөт.  

Банк тутумунда ашыкча ликвиддүүлүк сакталууда, бул банктар аралык кредиттик ресурстар рыногунда айрым активдүүлүктүн төмөндөшүн шарттайт. Мындай жагдай Улуттук банк тарабынан ашыкча ликвиддүүлүктү алуу боюнча операциялардын жүргүзүлүшүн аныктайт. Жалпысынан алганда, акча рыногунун пайыздык чендери Улуттук банк тарабынан белгиленген пайыздык чекте сакталууда. 

Финансылык ортомчулук көрсөткүчтөрү алгылыктуу мүнөзгө ээ болууда. Коммерциялык банктардын кредит портфелинин өсүшү жана депозит базасынын кеңейиши байкалып, кредиттер боюнча рыноктун чендеринин төмөндөшү уланууда. Алсак, 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгы ичинде кредит боюнча орточо алынган пайыздык чен 0,8 п.п. 15,2 пайызга чейин төмөндөгөн. 

Өтүп жаткан жылдын август айынын орто ченинде ички валюта рыногунда сунушка караганда чет өлкө валютасына болгон суроо-талаптын өсүшү байкалган. Улуттук банк алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында валюталык интервенция операциясын ишке ашырган. Ички валюта рыногундагы абал туруктуу сакталууда. 

Улуттук банктын болжолдоолору боюнча учурда орун алган тенденциялар сакталган жана тышкы таасирлер жок болгон шартта, инфляция орто мөөнөткө каралган мезгил аралыгында акча-кредит саясатынын максаттуу көрсөткүчү 5-7 пайыз чегинде орун алат. Дүйнөлүк товардык-чийки зат рынокторунда орун алган келечектеги көрсөткүчтөргө байланыштуу тышкы сектор тарабынан ар түрдүү тобокелдиктердин болушун, ошондой эле ички шарттарды өнүктүрүүнүн тенденцияларын көңүлгө алуу менен Улуттук банк, эсептик чендин өлчөмүн сактоо чечимин кабыл алды. Акча-кредит саясатынын учурдагы багыты алдыдагы мезгил аралыгында тышкы таасирлер жок болгон шартта сакталат.  

Улуттук банк туруктуу негизде инфляцияга таасир берген тышкы жана ички факторлорго баа берип турат жана түптөлгөн экономикалык жагдайга жараша тиешелүү акча-кредит саясатынын чараларын кабыл алат.  

 

Маалымат үчүн: 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү боюнча кийинки отуруму 2018-жылдын 24-сентябрында өтөт.