Ысык-Көл областындагы фермердик топтор үчүн финансылык сабаттуулук боюнча пилоттук тренингдер өткөрүлдү 

Ысык-Көл областына караштуу Ак-Суу районунун Тепке айылында 2018-жылдын  

26-июлунан 10-августуна чейин Германия эл аралык кызматташуу коомунун (GIZ) колдоосу менен атайын окутуу курсун уюштуруу аркылуу фермердик топтордун бригадирлери үчүн финансылык сабаттуулук боюнча пилоттук тренингдер өткөрүлдү. Бул финансылык сабаттуулук боюнча окутуу курсу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жетекчилиги алдында автордук топтун жардамы менен Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун 2016-2020-жылдар аралыгында жогорулатуу программасын ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан.  

Алгачкы пилоттук тренинг Бишкек шаарында 13-20-июнь аралыгында жаштардын өкүлдөрүнө арналып өткөрүлгөн. Учурда бул тренингдин үчүнчү сериясын өлкөнүн аймактарынын биринде ишке ашыруу каралып жатат. Бул пилоттук иштин жыйынтыгында курс кайрадан жеткире иштелип чыгып, жарандардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында колдонулат.