Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен биргеликте жеке ишкерлер жана юридикалык жактар тарабынан POS-терминалдар орнотулгандыгына мониторинг жүргүздү   

  

2018-жылдын 6-августунда Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкерлери биргелешип жеке ишкерлердин жана юридикалык жактардын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-декабрындагы №869 «Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча чаралар жөнүндө» токтом талабынын аткарылышын текшерүү максатында мониторинг жүргүзүштү. Соода жана кызмат көрсөтүү тармагында иштеп жаткан ишкерлер аймактык жайгашуусуна жараша, белгиленген мөөнөттөргө ылайык, өз соода түйүндөрүндө жана соода кеңселеринде банктык төлөм карт ээлерин тейлөө үчүн РOS-терминалдарын орнотууга тийиш.   

Бул токтом, Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө” мыйзамына ылайык, ар бир сатып алуучу нак сыяктуу эле, нак эмес түрдө да төлөөнү жүргүзүү укугуна ээ болгондуктан, сатуучу аларды мындай укуктан ажырата албастыгына байланыштуу кабыл алынган. Токтомдо айрым ишкердик түрлөрүнүн тизмеси көрсөтүлгөн, ага ылайык жеке ишкерлер жана юридикалык жактар өз ишин жүзөгө ашырган жерлерде банктык төлөм карттарын колдонуу менен төлөм жүргүзүү үчүн каралган жабдуулардын өз убагында орнотулушун камсыз кылууга милдеттүү. Бул тизмеге 50 чарчы метрден ашпаган соода түйүндөрүнөн башка бардык соода түйүндөрү кирет. Мындан тышкары, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш алып барган мекемелер да өз кардарларына нак эмес эсептешүүгө шарт түзүп берүүгө тийиш, буга коомдук тамактануу жайлары, дарыканалар, медициналык борборлор, авто унааларга май куюучу жайлар, сулуулук салондору, мейманканалар жана башка ишкердик түрлөрү кирет. Жалпысынан анда 21 ишкердиктин түрү камтылган.  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом талабынын аткарылышына мониторинг жүргүзүү үчүн бир нече соода ишканалары жана коомдук тамактануу жайлары тандалып алынган.   

Мониторингдин жүрүшүндө Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери POS-терминал орнотулбаган соода-тейлөө ишканаларына тиешелүү жазма буйруктар берилген. Жазма буйруктарга ылайык, ушул соода-тейлөө ишканаларына 2018-жылдын 30-августуна чейинки мөөнөттө POS-терминалдарды орнотуу тапшырмасы берилген.