2018-жылдын 26-27-июлунда Кытай Эл банкынын Синьцзян бөлүмүнүн директору Го Цзяньвэй башында турган делегациясы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына иш сапар менен келген. Иш сапардын жүрүшүндө финансылык чөйрөдөгү стандартташтыруу жана эки тараптуу соодада жана инвестицияларда юань менен эсептешүү саясаты боюнча пикир алмашуу болуп өттү. Өз кезегинде, Кытай тарап эл аралык CIPS төлөм системасын презентациялоо менен Улуттук банктын өкүлдөрүн ЭКСПО Кытай-Евразия алкагында боло турган «Жибек жолу» Экинчи финансылык форумуна катышууга чакырды.