Эл аралык валюта фондунун миссиясы Кыргызстанда өз ишин баштады 

2018-жылдын 28-июнунан тартып Кыргыз Республикасында Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) миссиясы өз ишин баштады. 

Өлкө экономикасында акыркы тенденцияларды, 2018-жылга карата мамлекеттик бюджеттин аткарылышын жана жакынкы мезгилге келечектерди талкулоо ЭВФтин миссиясынын негизги максаты болуп эсептелинет. 

Бул иштин алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Улуттук банктын жана башка уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлөт. ЭВФтин миссиясы ушул жылдын 9-июлуна чейин ишин жүргүзөт.