Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында 2018-жылдын 8-июнунда Улуттук банктын Төрагасы Т.С. Абдыгуловдун Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугунун Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Р. Орд-Смит жана Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлигинин (DFID) өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасындагы күндөлүк экономикалык кырдаал жана кызматташуунун келечеги талкууланды.