Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн арттыруу боюнча 2012-2017-жылдарга каралган мамлекеттик программаны жана Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” жарлыгын аткаруунун алкагында Улуттук банктын Төрагасынын орун басары Л.Дж. Орозбаева, Төлөм системалары башкармалыгынын кызматкерлери, «Айыл Банк» ААКсынын жана «РСК Банк» ААКсынын Башкармасынын төрагаларынын орун басарлары, “Банк аралык процессинг борбору” ЖАК жана “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын облустук жана райондук филиалдарынын жетекчиликтеринин катышуусу менен биргеликте 2018-жылдын 28-майынан 1-июнуна чейин Талас, Жалал-Абад жана Ош облустарынын алыскы аймактарында банктык жабдуулардын (банкоматтар, POS-терминалдар) орнотулгандыгына, аймактарда нак эмес эсептешүүгө өтүү жана аларды чечүү маселелерине мониторинг жүргүзүлдү

Мониторингдин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчилиги, райондук администрациялардын жетекчиликтери жана «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын облустук, райондук филиалдырын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүлүп, алыскы аймактарды банктык жабдуулар менен камсыз кылуу маселелери талкууланды. 

Жолугушуу учурунда жергиликтүү жетекчилик аталган облустардын айылдарында почтанын байланыш бөлүмдөрүндө банктык карт аркылуу нак акчага айландыруу жана төлөмдөрдү жүргүзүү (салыктар жанаэлектр энергиясы үчүн) банктын POS-терминалы орнотулушу жөнүндө маалымдалган. «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын макулдашуусу менен, почтанын башка алыскы аймактардагы бөлүмдөрүнө да POS-терминалдарды орнотуу улантылат. 

Мындан тышкары 2018-жылдын 31-майында Улуттук банктын Ош облустук башкармалыгынын базасында Банк аралык процессинг борборунун Персоналдаштыруу борборунун ачылышы өкөрулгөн. Персоналдаштыруу борбору мындан ары түштүк региондорду банктык төлөм карты менен камсыз кылып, аларды кардарларга жеткирүү мөөнөтүн кыскартат.