Бишкек эл аралык финансылык форуму-2018 

 

Бүгүн, 1-июнда, Бишкекте улуттук валютанын жүгүртүүгө чыгарылгандыгынын 25 жылдыгына арналган, “Финансы чөйрөсүндөгү тренддер. Андан ары өнүгүү вектору” темасында 2018-жылдын Бишкек эл аралык финансылык форуму болуп өттү. Форум Улуттук банк менен биргеликте Кыргыз банктар бирлиги тарабынан уюштурулган. 

Улуттук банктын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов өз сөзүндө, финансы чөйрөсүнө жаңы технологиялар киргизилип, алар финансы институттарынын жана алардын кардарларынын өз ара иш алып баруу форматын финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жеңилдетүү жагына өзгөртүп жаткандыгын белгиледи. Ошону менен бирге эле, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн санарип эволюциясында коопсуздукту камсыз кылуу муктаждыгы да күч алаарын кошумчалай кетти. “Технологиялардын чабалдыгы акча сарптоолорго дуушар кылып, керектөөчүлөрдүн финансылык системага болгон ишенимин жоготууга алып келиши мүмкүн, - деди Толкунбек Абдыгулов. Ушуга байланыштуу, мыйзам боюнча Улуттук банктын негизги милдеттеринин бири болуп, Кыргыз Республикасынын банк жана төлөм системаларынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу саналат, инфраструктураны өркүндөтүү жана жөнгө салуу менен булардын ишине дайыма технологиялык деңгээлде колдоо көрсөтүп туруу биз үчүн маанилүү”. 

Форумдун жүрүшүндө мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, финансылык институттардын, жергиликтүү жана чет өлкөлүк компаниялардын жетекчилери жана өкүлдөрү финансы-кредиттик чөйрөдөгү актуалдуу маселелерди, Кыргызстанда төлөм технологияларын жана “жашыл” экономиканы андан ары өнүктүрүү келечектерин талкуулашты.