Улуттук валютанын жүгүртүүгө чыгарылгандыгынын 25 жылдыгына арналган видеороликтер боюнча сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи 

 

Бүгүн, 2018-жылдын 1-июнунда, Улуттук банктын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын 25 жылдыгына арналган видеороликтер боюнча сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды. Сынак улуттук валютанын мааракесине коомчулуктун көңүлүн буруу максатында, каалоочулар арасында, 2018-жылдын 1-мартынан 18-майына чейинки мезгил аралыгында өткөрүлгөн. 

Ширин Шайлоо кызы сынактын жеңүүчүсү деп таанылып, ага "Курманжан Даткага 200 жыл" алтын монетасы тапшырылды. Экинчи орунга Сергей Пак ээ болуп, беш граммдык куйма алды. Ал эми үчүнчү орун Даир Исыкеевге ыйгарылды, ал 2 граммдык алтын куйманын ээси болду. "Үкү" күмүш монетасы кызыктыруучу сыйлыктын ээси катары таанылган Арстан Бешимбаевге берилди.  

Улуттук банктын Төрагасы жеңүүчүлөргө сынакка катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, аларга бекем ден соолук, иштерине ийгилик жана чыгармачылык жетишкендиктерди каалады.  

 

Жеңүүчүлөрдүн эмгектерин төмөнкү шилтемеден көрө аласыздар.