Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын 2000 сом номиналындагы эстелик банкнотасы Даллас (АКШ) шаарында 2018-жылдын 21-майынан 24-майына чейинки аралыкта өткөн «Banknote 2018» эл аралык конференциясында «Банкнот индустриясында эң мыкты инновация» номинациясы боюнча жеңүүчү катары аныкталган. Аталган иш-чара банкнот чыгаруу жагында эң башкы конференция-форум болуп саналат жана анда банкнот чыгаруу индустриясындагы акыркы тенденцияларга жана технологияларга көңүл бурулат.  

Аталган эң абройлуу сыйлык Эл аралык ассоциация тарабынан 2000 сом номиналындагы банкнотто айрыкча MOTION SURFACE™ микрооптикалык тилке жаңы коргоо элементи түшүрүлгөндүгү үчүн ыйгарылган.