Жогорку кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин көчмө отуруму Улуттук банкта 

 

2018-жылдын 28-майында Улуттук банкта Жогорку кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин көчмө отуруму болуп өттү.  

Отурумдун жүрүшүндө Улуттук банк тарабынан акча-кредит саясаты, эл аралык камды тескөө жана «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылып жаткан иши тууралуу маалымат берилди.  

Улуттук банктын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов депутаттардын суроолоруна жооп берүү менен, Улуттук банк өз саясатынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана карамагындагы акча-кредит саясат инструменттерине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү жана аларды өркүндөтүү жагында туруктуу иш жүргүзөөрүн билдирди. Ошондой эле Улуттук банктын 2017-жыл ичиндеги пайдасы 2,3 млрд. сомду түзгөндүгүн, анын 2,07 млрд. сому республикалык бюджетке которулгандыгын, ал эми алтын валюталык кам көлөмү 2,2 млрд. АКШ долларын түзөөрүн депуттарга маалымдай кетти.  

Көчмө отурумда төлөм системасын өнүктүрүү, нак эмес төлөмдөр үлүшүн көбөйтүү, өлкө экономикасын доллардан арылтуу маселеси жана валюта рыногунда түптөлгөн жагдай да талкууланган.