«Кыргызстандын эстелик монеталары» фотокөргөзмөсү
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө чыгарылышынын 25 жылдыгына карата 2018-жылдын 15-майынан 26-майына чейин Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында «Кыргызстандын эстелик монеталары» Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен фотокөргөзмөсү уюштурулат.
Көргөзмөгө Улуттук банк тарабынан 1995-жылдан тартып чыгарылган бардык коллекциялык монеталар коюлган. Аларда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө байланыштуу тарыхый жана маданий эстеликтер, маанилүү даталар чагылдырылган жана улуттук үрп-адаттарды жана оюндарды кайра жандандырууга, Кыргызстанда жок болуп бара жаткан флора жана фауналардын түрлөрүн жайылтууга багытталган.