Улуттук банктын Төрагасы Т.Абдыгулов ЭВФтин директор-тескөөчүсүнүн орун басары  

Тао Чжан мырза менен жолугушту 

 

Бүгүн, 2018-жылдын 11-майында Улуттук банктын Төрагасы Т.Абдыгулов Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө чыгарылышынын 25 жылдыгына арналган эл аралык конференцияга катышуу үчүн келген Эл аралык валюта фондусунун директор-тескөөчүсүнүн орун басары Тао Чжан менен жолугушту. Жолугушууга ошондой эле ЭВФтин башкаруучу директорунун орун басарынын кеңешчиси Стивен Алан Барнетт, ЭВФтин Кыргыз Республикасы боюнча миссиясынын башчысы Эдвард Джемайэль, ЭВФтин Кыргыз Республикасы боюнча миссиясынын жаңы башчысы Кристиан Жос жана ЭВФтин Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Яхья Хаири Саид мырзалар катышты. 

Иш-чаранын жүрүшүндө Т. Абдыгулов Кыргыз Республикасынын ЭВФ менен өз ара алгылыктуу иш алып баруусунун маанилүүлүгүн, улуттук валютаны жүгүртүүгө чыгаруу жана анын калыптанышы мезгилинде ЭВФтин ролун белгиледи. Акча-кредит саясаты, финансылык реформалар жана башка маселелер боюнча ЭВФ мындан ары да компетенттүү глобалдуу борбор бойдон каларын баса көрсөттү.  

Ал эми Тао Чжан мырза инфляцияны ооздуктап, финансылык туруктуулукту камсыз кылууда Улуттук банк жетишип жаткан ийгиликтерге токтолду.  

Мындан тышкары, тараптар Кыргыз Республикасынын ЭВФ менен мындан ары да кызматташуу маселелерин, ошондой эле өлкөдө орун алып турган экономикалык жагдайды талкуулашты.  

Кыргыз Республикасы ЭВФтин Уставынын Келишимдер Статьясына кол койгондон кийин 1992-жылдын 8-майынан тартып ЭВФтин мүчөсү болуп калган. Эгемендүүлүккө ээ болгон жылдар ичинде аталган фонд менен өз ара кызматташуу анын ар кандай кредиттик механизмдеринин алкагында ишке ашырылып келген жана мындай кызматташуу Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүшү үчүн маанилүү болуп саналат.