Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов Швейцария банкынын төрагасы Томас Йордан менен жолугушуу болуп өттү 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов 2018-жылдын 10-майында Швейцария банкынын төрагасы Томас Йордан менен жолугушуп, анын жүрүшүндө тараптар дүйнөлүк экономикада учурда түптөлгөн жагдай жана эки өлкөнүн борбордук банктарынын ортосунда мындан ары да кызматташуу келечеги жөнүндө сөз болуп, ой-пикирлер ортого салынды.  

Улуттук банктын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов Швейцариянын Улуттук банкына кыргыз тарапка көрсөтүлүп жаткан жардамына ыраазылыгын билдирип, Кыргызстанда банк ишинин эл аралык тажрыйбасын колдонуунун жана инновациялык банк технологиясын жайылтуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.  

Өз кезегинде Швейцариянын Улуттук банкынын төрагасы Томас Йордан мырза улуттук валюта сомдун жүгүртүүгө чыгаруу мааракеси менен куттуктап, макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылууда мындан аркы ийгиликтерди каалап кетти.