2018-жылдын 10-майында улуттук валюта-сомдун жүгүртүүгө чыгарылышынын 25 жылдыгына, ошондой эле жаңы коллекциялык монеталардын киргизилишине байланыштуу пресс-конференция өттү  

Улуттук банк 2018-жылдын 10-майында улуттук валютанын 25 жылдыгынын урматына, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына 25 жыл» жез-никель монетасынын, «Комуз» күмүш монетасынын жүгүртүүгө чыгарылышына байланыштуу Улуттук банктын Төрагасы Т. Абдыгуловдун катышкан пресс-конференция өткөрдү

Чейрек кылым мурда 1993-жылдын 10-майынын таңкы саат 4:00дө республика аймагында кыргыз сому жүгүртүүгө чыгарылып, расмий төлөм каражаты статусуна ээ болгон.  

«Бүгүнкү күндө 25 жыл жыйынтыгын чыгаруу менен кыргыз сому өлкөнүн экономикалык жана саясий турмушунда ар кандай өзгөрүүлөргө карабастан, төлөөгө жөндөмдүүлүгүн жана туруктуулугун ишенимдүү далилдей алды» - деп баса белгиледи өлкөнүн башкы банкынын жееткчиси. 

Толкунбек Абдыгулов Кыргызстандын банкноттору басма ишинде колдонулган эң мыкты технологияларды, ошондой эле жасалма акча жасоочулуктан ишенимдүү коргогон үч баскычтуу коргоо мүнөздөмөлөрүн камтуу менен даярдалгандыгын, кыргыз сому учурда туруктуу мүнөзгө ээ экендиги, дизайны жана коргоо өзгөчөлүгү менен башка валюталар менен атаандашып, ал эми айрым банкноттор эл аралык деңгээлдеги абройлуу сынактарда татыктуу баасын алууга жетишкендигин баса белгиледи. 

Мындан тышкары, банк ишин башкы жөнгө салуучу «Тарыхый окуялар» сериясынан «Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына 25 жыл» жез-никелден жасалган коллекциялык монета, ошондой эле «Улуттук музыкалык аспаптар» сериясынан «Комуз» коллекциялык күмүш монетасы 2018-жылдын 10-майында жүгүртүүгө чыгарылдыгын сыймыктануу менен кабарлады