Улуттук валютага 25 жыл! 

 

Кыргыз Республикасынын аймагында 1993-жылдын 10-майында саат 4:00д улуттук валюта сом жүртүүгө чыгарылган.  

Кыргыз сому менен орус рубли 5 күн бою катар жүгүртүлүп, 1993-жылдын 14-майында саат 18:00дон тартып сом Кыргыз Республикасында расмий төлөм каражаты статусуна ээ болгон.  

Өз улуттук валютасын киргизүү жаңыдан телчигип келе жаткан өлкө үчүн өз алдынча экономикалык саясатты аныктап, акча-кредит саясатын жүргүзүүгө өбөлгө түзгөн. Учурунда кабыл алынган мындай тарыхый чечимдин туура экендигин мезгил тастыктап далилдөөдө.  

Чейрек кылым ичинде кыргыз сому ишенимдүү коргоо белгилерине, өзгөчөлөнгөн дизайнга ээ, башка валюталар менен таасирдүү атаандаша алган, эл аралык деңгээлдеги абройго татыктуу болгон валютага деңгээлине жетти.  

Кыргыз сомунун банкноттору 4 жолу өркүндөтүлүп, учурда 1, 2, 3 жана 4 сериядагы банкноттор жүгүртүлүп жатат. 2017-жылы дизайны алда канча өркүндөтүлгөн 4 сериянын банкноттору жүгүртүүгө чыккан.  

2017-жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына, Улуттук банктын түптөлүшүнүн 25 жылдыгына, ошондой эле улуттук валютанын жүгүртүүгө чыгарылышынын 25 жылдык мааракесине карата 2000 сом номиналындагы алгачкы эстелик банкнот чыгарылган. Учурда эстелик банкнот Борбордук жана Чыгыш Европа, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн ичинде “2018-жылдын регионалдык эң мыкты банкноту” абройлуу эл аралык сынагынын жеңүүчүсү болууга да жетишти. 

Улуттук валютага карата ишеним, анын сатып алуу жөндөмдүүлүгү жана баа туруктуулугу ар бир өлкөнүн экономикалык маанилүү көрсөткүчү болуп саналат. 25 жыл ичинде кыргыз сому өлкөдөгү экономикалык жана саясий өзгөрүүлөргө карабастан туруктуулугун ишенимдүү тастыктай алды.