2018-жылдын 7-майында Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармонияда улуттук валютанын 25 жылдыгына жана банк кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу жыйын болду 

 

Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында улуттук валютанын 25 жылдыгына жана банк кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу жыйын болуп, ага Президенттин жана Өкмөттүн администрациясы, министрлик жана ведомстволордун өкүлдөрү, Улуттук банктын эмгек жамааты, ошондой эле улуттук валютаны киргизүүгө жана аны жайылтууга салымын кошкон Улуттук банктын ишмердүүлүгүнүн ар башка учурларында эмгектенген Улуттук банктын эмгек сиңирген кызматкерлери катышышты.  

Салтанаттуу жыйынды ачып жатып, Улуттук банктын Төрагасы Т.Абдыгулов, «Мындан чейрек кылым мурда, 1993-жылы Кыргыз Республикасы КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп, мурдагы совет мейкиндигинде өзүнүн валютасын киргизген. Бул өз алдынча акча-кредиттик саясатын жүргүзүүдөгү эң негизги кадам болгон. Мындай тарыхый чечимдин кабыл алынышы эң туура болгондугун мезгил тастыктады», деп билдирди.  

Иш чараны жыйынтыктап жатып, Т. Абдыгулов сомду киргизүүгө зор салымын кошкон банк системасынын ардагерлерине, банкноттун алгачкы дизайнери Д.Лысагоровго жана биринчи кыргыз банкнотун ташып келүүнү ишке ашырган учкучтарга терең урматтоо менен раазылыгын билдирди.