Улуттук валютанын 25 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынган күнгө карата уюштурулган иш-чара  

 

2018-жылдын 5-майында Э.З.Гареев атындагы ботаникалык бакчада улуттук валютанын 25 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынган күнгө карата Улуттук банк тарабынан жарыш уюуштурулуп, ага Улуттук банктын жетекчилиги, кызматкерлери жана 18 коммерциялык банктын өкүлдөрү катышкан.  

Улуттук банктын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов куттуктоо сөзүндө жарышка жигердүү катышкандардын бардыгына ыраазычылык билдирип, "Улуттук валютанын 25 жылдыгына жана Конституция күнүнө арналган мына ушундай иш-чаранын көздөгөн максаты - массалык спортту өнүктүрүү аркылуу сергек жашоого үндөп, ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия жана спорт маданиятын кеңири жайылтуу болуп саналаарын билегиледи. 

Жарыш аял заты жана эркектер арасында, 35 жашка чейин жана 35тен өткөндөр ортосунда эки тайпада өткөрүлдү. Ал эми 100 метрге чейинки жарыш форматындагы эстафетатада коммерциялык банктар менен Улуттук банктын өкүлдөрү ат салышты.  

Банк тутумунун кызматкерлеринин спортту кеңири жайылтууга, корпоративдик маанайды бекемдөөгө арналган бул спорттук мелдеш улуттук валюта сомдун жүгүртүүгө чыгарылышынын 25 жылдыгына карата Улуттук банк тарабынан өткөрүлүп жаткан иш-чараларынын алкагында уюштурулду. Анткени, мындан 25 жыл мурда, б.а. 1993-жылдын 10-майында өз алдынча өнүгүү багытын тандап алган мамлекетибиздин улуттук валютасы жүгүртүүгө чыгарылган эле.