Улуттук банк керектөөчүлөргө алмашуу операцияларын ишке ашырууда алардын укуктарына жана милдеттерине көңүл бурат. 

Калкка чет өлкө валюталарын алмашуу боюнча кызмат көрсөтүү чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүүгө  Улуттук банктын лицензиясына ээ болгон гана финансы кредиттик мекемелери: коммерциялык банктардын бөлүмдөрү, микрофинансылык уюмдар жана алмашуу бюролор укуктуу. Лицензия алган алмашуу бюросуна каттоодон өткөн дарегин көрсөтүү менен катталгандыгы тууралуу Улуттук банктын каты берилет. Каттын түп нускасы алмашуу бюросунда керектөөчүлөргө көрүнө жерде илинип туруусу зарыл. 

Ошондуктан, Улуттук банк алмашуу бюронун кардарларына алмашуу бюронун айкын дарегин каттоодон өткөн дареги менен салыштыруусун сунуш кылат. 

Эгерде лицензиясыз иш алып барган алмашуу бюролор белгилүү болсо же мыйзамсыз аракеттерге (алдамчылыкка) дуушар болсоңуз 61-04-86 телефону аркылуу Улуттук банктын коомдук кабылдамасына маалымдоону же mail@nbkr.kg. электрондук дарегине билдирүү жөнөтүүнү өтүнөбүз.