Улуттук банктын Төрагасы Мамлекеттер аралык банктын (МАБ) кеңешинин отурумуна катышты
Төрага Т.С. Абдыгулов жетектеп барган Улуттук банктын өкүлдөрү Россия Федерациясынын борбору Москва шаарында 2018-жылдын 30-мартында өткөн МАБтын кеңешинин 56-отурумуна катышты.
Отурумга МАБты уюштурган мамлекеттеринин борбордук (улуттук) банктарынын өкүлдөрү да катышты.
Тараптар 2017-жылдагы иш натыйжаларын, финансылык жыйынтыктарды, бюджеттин аткарылышы жана башка маселелерди талкууга алышкан.
Маалымат катары: МАБ Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн 100% мамлекеттик капиталы менен 1993-жылы уюштурулган эл аралык банктык эсептешүүлөр жана кредиттик мекеме болуп саналат.
МАБ Армения Республикасында, Беларусь Республикасында жана Кыргыз Республикасында өкүлчүлүктөргө ээ.