Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен  

Улуттук банктын 2018-жылдын 28-мартындагы №166/51-6  

«Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн арттыруу боюнча 2018-2022-жылдарга каралган мамлекеттик программаны (үчүнчү баскыч) бекитүү жөнүндө» токтомуна карата  

пресс-релиз 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуттук банктын 2018-жылдын 28-мартындагы №166/51-6 биргелишкен токтому менен Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн арттыруу боюнча 2018-2022-жылдарга каралган мамлекеттик программа (үчүнчү баскыч) бекитилген. 

Кыргыз Республикасында инновациялык төлөм инструменттерин кошо алганда, чекене төлөм рыногун өнүктүрүү, банк жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн кеңири жайылтуу аркылуу нак жана нак эмес акча жүгүртүлүшүнүн оптималдуу жана тең салмактуу катышына жетишүү, аталган мамлекеттик программанын максатынан болуп саналат. 

Мында, негизги милдеттерден болуп төмөнкүлөр эсептелет: 

- жеке адамдар жана юридикалык жактар үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө төлөө, субъекттер ортосунда эсептешүүлөрдү жүргүзүү, интернет-банкинг, мобилдик телефондор, банкоматтар, POS-терминалдар, төлөм терминалдар жана башкалар аркылуу төлөө сыяктуу мүмкүн болгон бардык ыкмаларды колдонуу менен үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү ишке ашыруу үчүн бирдиктүү улуттук төлөм жана эсептешүү мейкиндигин түзүү

- финансылык агымдын жылышынын ачык-айкындыгын камсыз кылуу аркылуу республиканын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн андан ары натыйжалуу пландаштыруу жагында иш-чараларды жүргүзүү

- бюджетке салыктык түшүүлөрдүн жана башка бюджеттик төлөмдөрдүн коммерциялык банктардагы эсептер аркылуу өз учурунда ишке ашырылышын контролдоо жана ага мониторинг жүргүзүү

-  акча каражаттарынын жылышына контролдукту күчөтүү, нак түрдө көмүскө акча жүгүртүлүшүн кыскартуу; 

- коммерциялык банктардагы эсептер аркылуу нак эмес төлөмдөрдү ишке ашырууда жеңилдиктерди караштыруунун, жөлөк пулдарды берүү процессин тескөөнүн эсебинен калкты социалдык тейлөө деңгээлин жогорулатуу; 

-  нак эмес эсептешүүлөр инфраструктурасын кеңейтүү, бюджеттик, чекене жана утурумдук төлөмдөрдү улуттук валютада ишке ашырууда төлөм карттарын, электрондук капчыктарды жана башка инновациялык технологияларды кеңири пайдалануу аркылуу экономиканын реалдуу секторунда ишкердик жигерин арттыруу үчүн шарттарды түзүү

- бардык мекеме-уюмдардын жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин кызматкерлеринин эмгек акыларынын банктык төлөм карттарына которулушун камсыз кылуу; 

-  төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү өткөрүү жагындагы коммерциялык банктар тарабынан сунушталып жаткан кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн кеңейтүү жана атаандаштык шартында алардын филиалдар түйүнүн өнүктүрүү

- эсептер санын көбөйтүү жана калайык-калктан акча каражатын тартуу аркылуу депозиттик базаны көбөйтүү, экономиканын реалдуу секторуна инвестициялоо үчүн финансылык каражат көлөмүн топтоо; 

- бизнес түзүмдөрдү төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү нак эмес формада жүргүзүүгө жигердүү тартуу; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзам базасын өркүндөтүү

- банк жана төлөм кызмат көрсөтүүлөргө тариф саясатын оптималдаштыруу; 

- инновациялык каражаттарды колдонуу аркылуу төлөмдөрдү өткөрүү ыкмалары жана колдонулуп жаткан коопсуздук чаралары жөнүндө калайык-калкка кеңири маалымат берүү

Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн арттыруу боюнча 2018 - 2022-жылдарга каралган мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча  иш-чаралар планы Улуттук банктын расмий сайтынын «Улуттук банктын ченемдик актылары» - «Төлөм системасы» бөлүгүндө жайгаштырылган. Ал эми аталган мамлекеттик программанын биринчи жана экинчи баскычтарынын аткарылышынын жыйынтыгы менен «Банктын милдеттери» - «Төлөм системасы» - «Мамлекеттик программа боюнча долбоордун ишке ашырылышы боюнча маалымат» шилтемеси аркылуу таанышууга болот.