1. Кыргыз Республикасынын банктык мыйзам талаптарын бузууга жол берүү фактылары боюнча коммерциялык банктардын биринин айрым кызматкерлери административдик жоопкерчиликке тартылып, аларга карата жалпы 350 000 миң сом суммасына айыптык төлөм белгиленген; 

2. Кыргыз Республикасынын шектүү операциялар (бүтүмдөр) критерийине кирген акча каражаттары менен операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүнүн сунуштоо боюнча мыйзам талаптарын аткарбагандыгы фактылары боюнча административдик жоопкерчиликке коммерциялык банктардын биринин бир кызматкери тартылып, ага карата 7 000 сом өлчөмүндө айыптык төлөм белгиленген; 

3. Кардарларды идентификациялоо жана верификациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын тиешелүү негизде аткарбагандыгы фактыларынын негизинде коммерциялык банктардын биринин айрым кызматкерлерине эскертүү берилген.