Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2018 - жылдын 28 - февралында №2018-П-12/7-7-(НПА) «Коммерциялык банктардын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ачылган депозит эсептерине жайгаштыруу тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтом кабыл алынып, ага ылайык коммерциялык банкттар чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Улуттук банкта ачылган депозит эсебине жайгаштыруу мүмкунчүлүгүнө ээ болушту. Ошондой эле, жободо чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын жайгаштырууга карата талаптар, тартиби жана шарттары камтылган.  

Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Токтом Улуттук банктын расмий сайтында: www.nbkr.kg/ Банк/ Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору дареги боюнча жайгаштырылган. 

Ченемдик укуктук акт Улуттук банктын расмий сайтында: www.nbkr.kg/ Банк / Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банк ишин жөнгө салуу жана www.nbkr.kg/ Банк / Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык эмес финансы мекемелеринин ишин жөнгө салуу дареги боюнча жайгаштырылган.