Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензияны берүү тартиби жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 27-июлундагы №40/4 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтом доолбору коомдук талкууга чыгарылууда. Бул долбоор нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензияны берүү боюнча Улуттук банктын укуктук ченемдик актыларын жакшыртуу максатында иштелип чыккан.  

Ушул токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын расмий веб-сайтында Банк / Улуттук банктын ченемдик актылары / Талкууга сунушталган долбоорлор деген бөлүмүндө мамлекеттик жана расмий тилде жайгаштырылган. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ушул долбоорго карата сунуштарды жана сын-пикирлерди 2018-жылдын 31-мартынан кечиктирбестен, nbugubaeva@nbkr.kg электрондук дарегине жөнөтүүнү өтүнөт.