Улуттук банк улуттук валютага арналган мыкты видео тасма  

тартуучулар арасында сынак жарыялайт  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы улуттук валютанын жүгүртүүгө чыгарылышынын 25 жылдыгын майрамдоо алкагында «Кыргыз сомуна 25 жыл» кыска видео тасма тартуучулар арасында сынак жарыялайт. 

Негизги теманын чегинде: 

- «Мен үчүн сомдун мааниси»; 

- «Сомдун өркүндөө жолу» темалары боюнча да тартылган кыскача тасмаларды кароого сунуштоого болот.  

Сынак Кыргыз Республикасынын жашы он алтыга толгон жана андан өткөн жарандары арасында  өткөрүлөт. Өз алдынча же жамаат менен бирге даярдалган эмгектер кабыл алынат.  

 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкүлөр талап кылынат:  

 

1. Жогоруда аталган темалардын бирине жооп берген кыскачы тасма тартуу; 

2. Кыскача тасманы («Фэйсбук» (www.facebook.com), «Ютуб» (www.youtube.com), «Инстаграм» (www.instagram.com), «Одноклассники»(www.ok.ru), «ВКонтакте» (www.vk.com), «Твиттер» (www.twitter.com), «Билайв» (www.blive.kg), «Намба» (www.namba.kg), «Булбул» (www.bulbul.kg) интернет ресурстарынын биринде жарыялоо; 

3. Сынакка катышууга билдирмени видеороликке шилтеме келтирүү менен бирге press@nbkr.kg электрондук дарегине 2018-жылдын 10-майында саат 17:00дөн кечиктирбестен “видеороликтер сынагына” деп белгилөө менен жөнүтүү. Билдирмеде катышуучунун аты-жөнү, толук жаш курагы, жашаган жеринин дареги, байланыш телефондору милдеттүү түрдө көрсөтүлүшү зарыл.  

 

Сынак жыйынтыгы 2018-жылдын июнь айында чыгарылат. Бул тууралуу толук маалыматты Улуттук банктын расмий сайтындагы ушул шилтемеден.  

алууга болот.