Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым укуктук-ченемдик актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" долбоорун (мындан ары – долбоор) иштеп чыкты. 

Бул долбоордун алкагында төмөнкүлөр каралган: 

-нак акчалардын коммерциялык банктар аркылуу жылышы боюнча так жана толук маалымат алуу жана электрондук акча боюнча сумманы туура чагылдыруу максатында, бул көрсөткүчтөрдүн динамикасын андан ары колдонуу, талдап-иликтөө жана мониторинг жүргүзүү үчүн электрондук акча жөнүндө маалыматтарды чагылдыруу боюнча жаңы символдорду "Ай/жума ичиндеги кассалык жүгүртүүлөр жөнүндө" отчеттор түзүмүнө кошуу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү. 

Ошол себептен, бул долбоордо Улуттук банктын төмөнкү айрым укуктук-ченемдик актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү каралган: 

- Улуттук банктын 2005-жылдын 25-августундагы №26/5 "Мезгил-мезгили менен берүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна; 

- Улуттук банктын 2011-жылдын 21-декабрындагы №69/16 "Кассалык жүгүртүүлөр жөнүндө отчет тууралуу" жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет сайтынын "Ченемдик актылар / Талкууга сунушталган долбоорлор" бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Улуттук банк, жогоруда белгиленген долбоорго карата сунуштарды жана сын-пикирлерди 2018-жылдын 27-мартынан кечиктирбестен saubakirova@nbkr.kg электрондук дарегине жөнөтүүнү өтүнөт.