Пресс-релиз 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

эсептик чен өлчөмүн 5 пайыз деңгээлинде калтырды 

 

Улуттук банк Башкармасы 2018-жылдын 26-февралында эсептик чен өлчөмүн (чен саясатын) 5,00 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Чечим 2018-жылдын 27-февралынан тартып күчүнө кирет. 

Кыргыз Республикасында инфляция орточо чекте сакталып турууда. 2018-жылдын февраль айында (16ысына карата) инфляциянын жылдык мааниси 3,4 пайыз чегинде катталган. Буга дүйнөлүк азык-түлүк рыногунда баа туруктуулугу жана өлкөдө керектөө талабынын калыбына келиши таасир эткен. Товарлардын азык-түлүк тобуна баанын жылдык өсүш арымы басаңдоого ык койгондугун далилдөөдө. Ошол эле учурда, азык-түлүктөн башкалар боюнча инфляцияга салымды байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө баанын өсүшү жана жыл башында айрым товарларга акциздердин жогорулоосу кошкон. Инфляция факторлоруна баа берүү келерки мезгил ичинде баа динамикасы акча-кредит саясатынын орто мөөнөткө каралган максаттуу көрсөткүчү 5-7 пайыз чегинде туруктуу сакталарын мүнөздөөдө.  

Соода боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн экономикаларынын өсүш факторлорунун бекемделиши, сырттан суроо-талаптын артышын жана Кыргыз Республикасына акча которуунун туруктуу агымын шарттайт. Ушул жагдайда жана ички суроо-талаптын калыбына келиши менен бирге, өлкөдө экономикалык жигердүүлүктүн жогорулоосу белгиленүүдө. 2018-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча айкын ички дүң өнүм 2,3 пайызга өскөн, ал эми «Кумтөр» алтын-кен иштеп чыгуу ишканаларынын маалыматтарын эске албаганда, 3,4 пайызды түзгөн.  

Ички валюта рыногунда түптөлгөн жагдай туруктуу сакталууда. Январь айынын орто ченинде ички валюта рыногунда чет өлкө валютасын сунуштоонун ага карата талапка караганда арткандыгы байкалган. Улуттук банк алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында валюталык интервенцияларды ишке ашырган: 2018-жылдын январь-февраль айлары ичинде чет өлкө валютасын таза сатып алуу 15,2 млн АКШ долларын түзгөн. 

Өткөн 2017-жыл ичинде акча-кредит саясатынын өбөлгө түзүүчү шарттары экономиканын алгылыктуу өсүш арымын колдоого багытталып, кредиттер боюнча рыноктук чендерди төмөндөтүүгө өбөлгө түзүлүп, экономиканы кредиттөө көлөмү кеңейген. Акча-кредит саясатынын инструменттерин өркүндөтүү чаралары банктар аралык рынокто жигердүүлүктүн артышына түрткү берген. Акча рыногунун улуттук валютадагы кыска мөөнөттүк чендери Улуттук банк белгилеген пайыз чегинде өзгөрүп турган.  

Тышкы экономикалык чөйрөнүн өнүгүү келечеги, ошондой эле ичте түптөлгөн шарттар 2018-жыл ичинде инфляция динамикасы, кандайдыр-бир кошумча сырткы жана ички таасирлер орун албаган шартта, 5-7 пайыз чегинен ашпаган чекте максаттуу деңгээлде сакталып турушун болжолдоодо. Ушул шартта, эсептик чендин белгиленген чекте сакталып калышы экономиканын реалдуу секторуна алгылыктуу таасир этүүгө өбөлгө түзөт.  

Улуттук банк тышкы жана ички факторлордун инфляцияга таасир этишине мезгил-мезгили менен баа берип туруу аркылуу экономикалык жагдайга жараша акча-кредит саясатынын тиешелүү чараларын көрүүнү улантат.  

 

Маалымат үчүн: 

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселесине тиешелүү кийинки отуруму 2018-жылдын 26-мартына пландаштырылган.