Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети 2018-жылдын 22-февралында Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын, ошондой эле анын жазма буйруктарын дайыма аткарбай келгендиги үчүн ЖЧК «Плюс Кредиты» МККсынын каттоодон өткөндүгү жөнүндө кубөлүгүнүн күчүн 2018-жылдын 27-февралынан тартып токтотуу чечимин кабыл алды. 

ЖЧК «Плюс Кредиты» МККсынын юридикалык дареги: Бишкек ш., Исанов көчөсү, 60, ал эми айкын орун алып турган дареги: Бишкек ш., Логвиненко көчөсү, 32. 

Аталган ЖЧК «Плюс Кредиты» МККсы Көзөмөл боюнча комитеттин токтому менен Бишкек шаары, Т.Умөталиев атындагы көчө 101 дарегине келип, таанышууга укуктуу. Маалыматтар 66 92 58 телефону боюнча берилет.