Улуттук банк «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» долбоорун коомдук талкууга сунуштайт. 

Долбоордо, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ишкердикти жүзөгө ашырган уюмдарды кошо алганда, жеке адамдардан жана юридикалык жактардан аманаттарды кабыл алууну жүзөгө ашырууга укугу жок микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын активдерин классификациялоо бөлүгүнө, ошондой эле мезгил мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчет формаларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү каралган. 

Доолбоорго ылайык, банк ишин жүргүзүүнүн алдынкы эл аралык тажрыйбаларын эске алуу менен төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү каралган: 

- кредитти/активди пролонгациялоо түшүнүгү алынып салынган; 

- кредиттерди/активдерди реструктуризациялоо жана аны классификациялоо шарттары каралган; 

- классификацияланган активдер категориясынан классификацияланбаган активдер категориясына кайтаруу механизми каралган; 

- активдер классификациясынын категориясын аныктоо үчүн убагында төлөнбөгөн активдин мөөнөтү узартылды. 

Ошентип, долбоордо Улуттук банктын төмөнкүдөй ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү каралган: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 22-октябрындагы №31/3 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында жеке адамдардан жана юридикалык жактардан аманаттарды кабыл алуу укугуна ээ эмес микрофинансылык уюмдардын активдерин классификациялоо жана РППУну түзүү боюнча жалпы принциптер жөнүндө" жобо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 12-апрелиндеги №10/6 токтому менен бекитилген "Кредиттик союздарда кредиттерди классификациялоо жөнүндө" жобо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 24-сентябрындагы №42/8 токтому менен бекитилген "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдарда тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 23-апрелиндеги №16/3 токтому менен бекитилген "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы №25/3 токтому менен бекитилген «Микрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы №25/3 токтому менен бекитилген "Микрофинансылык компаниянын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 16-январындагы №3/3 токтому менен бекитилген "Кредиттик союздун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 17-октябрындагы №45/1 токтому менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрокредиттик компаниялардын жана микрокредиттик агенттиктердин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 17-октябрындагы № 45/1 токтому менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан микрофинансылык компаниялардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 17-октябрындагы № 45/1 токтому менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобо. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет сайтынын «Ченемдик актылар//Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ушул долбоорго карата сунуштарды жана сын-пикирлерди 2018-жылдын 2-мартынан кечиктирбестен сунуштоону же asadykov@nbkr.kg электрондук дарегине жөнөтүүнү өтүнөт.