Улуттук банк Башкармасынын айрым укуктук ченемдик актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» долбоорун Улуттук банк коомдук талкууга чыгарууда. 

Долбоордо ислам банк иши жана каржылоо принциптерине тиешелүү Улуттук банктын укуктук ченемдик актыларын «товардык мурабаха» бүтүмү менен толуктоо каралган. 

«Товардык мурабаха» бүтүмү ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган финансы-кредиттик уюмдарга акча каражаттарды (инвестицияларды) тартууга мүмкүнчүлүк берет. 

Ошондой эле долбоордо «ижара» бүтүмү боюнча техникалык өзгөртүүлөр жана шариат стандарттарына ылайык келтирүүгө байланыштуу толуктоолор каралган. 

Ошентип долбоор төмөнкү токтомдорго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү камсыздайт: 

- 2009-жылдын 23-сентябрындагы № 38/8 «Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2006-жылдын 30-октябрындагы № 32/2 «Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү» жобо тууралуу»; 

- 2011-жылдын 26-октябрындагы № 60/8 «Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу». 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет сайтынын «Ченемдик актылар//Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ушул долбоорго карата сунуш жана пикирлерди 2018-жылдын 1-мартынан кечиктирбестен, eaidarov@nbkr.kg электрондук дарегине жөнөтүүнү өтүнөт.